www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин орун басары болуп Алтынбек Торутаев кайрадан дайындалды. Буга дейре мурдагы премьер-министр Сапар Исаковдун буйругу менен Торутаев 2017-жылдын декабрь айында мамлекеттик бажы кызматынын жетекчисинин биринчи орун басары кызматынан бошотулган болчу. Эми ошол иштен алынган адамды Абулгазиев кайра кызматка дайындады. Кудум мышык-чычкан оюнун элестетет. Бизде кадр тармагынын ашмалтайы чыгып бүттү. Өкмөт улам алмаша берет. Жаңы келген премьер мурунку премьердин иштен алганын кайра ишке коёт, кызматка койгонун иштен алат. Айтор, мамлекеттин мүдөөсү эмес, өч алууга багытталган жеке кызыкчылык биринчи орунда турат. Анан кантип экономикалык өсүш, элдин жашоо турмушун жакшыртуу тууралуу сөз кылабыз?.. Баары жеке кызыкчылык аркылуу өлчөнүп жатса...
Булак: "Фабула"