www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бензин ташуучу цистерна жарылып, 12 адам каза болду

Нигериянын түштүк-чыгышындагы Бенуе штатында бензин ташуучу цистерна жарылып, кеминде 12 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Улуттук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо уюмунун Бенуе штаты боюнча координатору Якуб Мохаммед кырсык Ошигбуду-Обагажы унаа жолунда болгонун билдирген.

Алдын ала маалыматтар боюнча, кырсыктын кесепетинен кеминде каза болгон 12 адамдын үчөө аял киши, бирөө ымыркай болгон. Жаракат алып, ооруканага жеткирилгендердин арасында абалы оорлору бар. Мындан улам каза болгондордун саны дагы өсүшү мүмкүн.

Цистернанын жарылуусу жакын жердеги үйлөргө жана имараттарга зыян келтирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости