www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратынын жетекчисинин биринчи орун басары Медербек Сатыев Кыргыз Республикасынын президентинин аппарат жетекчиси Сүйүнбек Касмамбетовдун тапшырмасы менен өлкөнүн бир катар жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иши менен таанышып келди. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирет.

Сапардын жүрүшүндө президенттин аппарат жетекчисинин биринчи орун басары Мамлекет башчысынын жарлыктарын ишке ашыруунун жүрүшүнөн кабар алды.

Иш сапардын жүрүшүндө аймакты өнүктүрүү алкагында жер-жерлердеги ишкерчиликти колдоо, инвестиция тартуу багытындагы иш-аракеттер, аз камсыз үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүү, дыйкандарды сугат суу менен камсыздоо, сел жана жер көчкүлөрдү алдын алуу жана башка социалдык-экономикалык маселелерге көңүл бурулду.

Мындан сырткары, жергиликтүү тургундардын билим берүү, жол, жайыт, турак жай курууга жер тилкелерин трансформациялоо маселелеринин чечилишинин зарылдыгы белгиленди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости