www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчылар көп, Мекен жалгыз! Абалтан келген эл бирөө, ырыскы чачкан жер бирөө. Бул тууралуу акын, Бердибек Жамгырчиев Фейсбук социалдык баракчасына жазды.

"Саясатчылар көп, Мекен жалгыз! Абалтан келген эл бирөө, ырыскы чачкан жер бирөө. Улут, эгемендүүлүк биздин биринчи жана алмашкыс байлыгыбыз, калган байлык, бийлик, кресло деген түшүнүктөр келип кетчү нерсе.. Ырайыңарды көрдүк, жүзүңөрдү тааныдык.. Эми урматтуулар, элди, мекенди жайына койгула. Силерге кереги жок болсо бизге мамлекеттүүлүк, келечек аба суудай гана керек. Өлкөнү өбөктөтүп, Ата-Журтту дагы бир жолу ыйлаттыңар, ишенимдерди кыйраттыңар.. Жан дүйнөңөрдө папке менен креслодон башка эч нерсе жок экен..Эми токтоткула, баары мыйзам талаасында гана чечилсин. Азыр легитимдүү президент Сооронбай Жээнбеков менен жаңы премьер-министр Садыр Жапаров биргеликте кырдаалды жөнгө салып кетпесе, чыккынчылардын, түркөйлөрдүн курмандыгы болобуз. Баарын жоготобуз.. Азыр мындан башка жол жок. Андыктан эл-журт, ынтымакка келели. Жолоочуну ээрчип ит өлөт болбой, эми ар кимди ээрчигенди токтотолу. Президент ишин улантсын, калгандары өбөкжөлөк болуп жардам берсин! Эл бир пикирге келип, ынтымакты сактап берели. Бийлик дегенде өлүп бараткан көркоолор, жакында кайра парламенттик шайлоо болот, ошого чейин демиңерди басып чыдап тургула. Эми мындан ары ар бир добуш так, даана болот деп ишенем. Себеби саясатчылардын да, элдин да жүзү ачылды. Эми жаңылууга, бөлүнүүгө, талкалоого акыбыз жок! Мекенибизди көздүн карегиндей сактап калалы эл-журт!", - деп жазган Жамгырчиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости