www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандагы соңку окуялар боюнча пикир алышты. Бул тууралуу казак президентинин басма сөз кызматы тараткан маалыматта айтылат. Ага ылайык, алар казак-өзбек мамилесинен сырткары аймактагы окуялар боюнча пикир алмашкан. Анда коңшу өлкөлөрдүн башчылары Кыргызстандагы кырдаал Конституциянын негизинде тез арада калыбына келет деген ишенимин билдиришкен.

Белгилей кетсек, өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандагы кырдаалга байланыштуу элге кезектеги кайрылуусун жасады. 

Жээнбеков өз сөзүндө азыркы абалдан тезирээк чыгууга болгон күчүн жумшай турганын айткан.

"Айрым саясий күчтөрдүн аракеттеринен улам өлкө саясий туңгуюкка кептелгенине үч күн болду. Бардык кыргызстандыктардын жүрөгү ооруп турат. Кырдаалдын чечилишин талап кылып жатканыңарды түшүнөм. Абалдан тезирээк чыгуу үчүн ар кыл саясий тараптар менен жеке сүйлөшүүлөрдү өткөрүп жатам. Урматтуу саясий күчтөрдүн жетекчилери, азыркы саясий туңгуюк абалдан чыгуу үчүн менден талап кылынчу кадамдарга даяр экенимди дагы бир ирет билдирем. Бирок алар менен сүйлөшүү үчүн бирдиктүү аянтча сунуштала элек. Азыркы учурдагы кызмат алмашууларды легитимдештирүү зарыл. Ал үчүн жарлыктарга кол коюп, парламент кадрдык дайындоолор жөнүндө тиешелүү токтомдорду киргизиши керек. Саясий туңгуюктан өлкөнү алып чыгуу үчүн ушул расмий документтер зарыл", — деп айтылат кайрылууда.

Өлкө башчы кыргызстандыктардын сабырдуулугуна таазим этип, саясий күчтөрдөн конкреттүү кадамдарды күтө турганын кошумчалаган.

Эске сала кетсек, өлкөдө 5-октябрда парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, 6-октябрда Ак үйдү басып алышкан. Премьер-министр менен Жогорку Кеңештин төрагасы отставка тууралуу арыз жазганы менен алардын кызматтан кеткени боюнча жарлыктар чыга элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости