www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-башкы прокурор, УКМКнын экс-орун басары Кубатбек Кожоналиевди АКК УКМКнын директорунун кызмат ордуна дайындоо тууралуу маалымат чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу мамлекеттик коопсуздук органдарынын басма сөз кызматы билдирди.
"Кызматка дайындоо жөнүндө ким айтып жаткандыгын билбейм" деди отставкадагы генерал-майор өзү Vesti.kg сайтына. - Биз, ардагерлер жана эксперттер, шаарда башаламандык болбошу үчүн, коомдук башталышта гана жардам беребиз. Адамдар көзөмөлсүз жана жардамсыз калышты. Угушубузга караганда: тосмо талкаланып, бир топ кишини соттун чечими жок тергөө абагынан сүйрөп чыгышкан.
Кожоналиев бүгүнкү күндө өлкөдө бардык тараптарды канааттандырган мыйзамдуу органдар жок экендигин жана бир дагы дайындоо мыйзамдуу күчкө ээ эместигин баса белгиледи.
Булак: NazarNews.kg