www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

6-октябрда парламент депутаттарынын бир бөлүгү төрага катары жарыялаган Мыктыбек Абдылдаев КСДП фракциясынан депутаттар Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Искендер Матраимов Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо үчүн ишеним кат беришкенин ырастады. Бул тууралуу бүгүн Абдылдаев Бишкекте өткөн Жогорку Кеңештин депутаттарынын жыйынында Элвира Сурабалдиеванын суроосуна жооп берип жатып бышыктаган.

Сурабалдиева "Фейсбуктагы" баракчасына жарыялаган видеосунда ал “Садыр Жапаровду премьер-министрликке колдоо боюнча Асылбек Жээнбеков, Искендер Матраимов жана Төрөбай Зулпукаровдун ишеним кат бергени чынбы? Ошол кат сизде барбы?”- деген суроосуна Абдылдаев “Ооба, менде бар” - деп жооп бергенин көрүүгө болот. Бул маалыматты жыйынга катышкан бир нече депутаттар  "Азаттыкка" ырасташкан.

Ошондой эле жыйын жүрүшүндө депутаттардын бири “Талант Мамытов менен Өмүрбек Бакиров бир катар эл өкүлдөрүн Садыр Жапаровду колдобосоңор үйүңөргө барабыз деп коркутуп жатат” - деп айтты.

Учурда депутаттар парламенттин кезексиз жыйынын чакыруу жана президентке импичмент жарыялоону кеңешип жатышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости