www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 7-октябрда өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Байыш Юсупов кызмат ордуна кайтып келди. 

Байыш Юсупов журналисттердин суроолоруна жооп берип,  алар Садыр Жапаровго баш ие турганын билдирди.

“Биз Садыр Жапаровго баш иебиз. Жогорку Кеңеш тарабынан бекитилгендиктен, биз баш ийишибиз керек. Анан дагы кимге баш ийебиз, эгер Боронов кызматтан кетсе?” – деди облус башчысы.

“Өнүккөн өлкө катары мыйзамдуу жол менен иштешибиз керек, ошондуктан кечээ кызматтан алынган акимдер кайра келишти. Мисалы, Араван жана Кара-Кулжа аймактарынын акимдери кайтып келишти. Бир нече акимдердин тагдыры жөнүндө билбейм, бирок негизинен бардыгы кайтып келишти” – деди ал.

“Кара-Сууда азырынча аким жок. Ал жерде аким Тилек Матраимов болгон. Кечээ эл өз акимин дайындады, бирок биз мыйзамды сакташыбыз керек. Бирок премьер-министрден буйрук болбосо дагы, ал азыр иштейт.

Тилек Матраимов ден-соолугуна байланыштуу жумуш өргүүсүнө чыккан, ошондон бери анын жүргөн жери жөнүндө бизде маалымат жок. Биз ал менен байланыша албай жатабыз. Ошондуктан, анын орун басары Капар Абдиев бул кызматка киришти. Акимдин ордун ээлегиси келген Руслан Маматов жоопко тартылат.

Бүгүн мен бардык маселелерди чечүүгө үлгүргөн жокмун. Эртеңден баштап бардыгын өз нугуна салуу үчүн иштеп баштайм. Мен укук коргоо органдары менен байланышам. Мисалы, бүгүн алар Кара-Суу базарын басып алышты. Албетте, бул окуя КЖБРга катталат” – деп билдирди ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости