www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ушунча убакыт, ден соолук, өмүр, жаштар, жалындуу сөздөр, илгери үмүт, мунун баары түккө турбай калды" - дейт обончу Тъм\нбай Колдошев.

"Элди жеке амбициялар алдап кетти. Ушунча убакыт, ден соолук, өмүр, жаштар, жалындуу сөздөр, илгери үмүт, мунун баары түккө турбай калды. Мынчалык кызматты сүйбөсөк эмне? 3-4 күндөн бери кресло талаш, таасир талаш. Биз максатыбыздан адашып калдык... Эл дагы шылуундарга алданып, куру сөздөргө ишенип, жарма патриотторду ээрчип, ал жакка дүрбөп, бул жакка дүрбөп жүрөбүз. Биздин максатыбыз эмне эле? Ойлонолу. Тынчтык керек. Эртең да жашоо бар. Жеке адамдардын кагылышынан жаштар запкы жейт, биз утулабыз, аларга эч нерсе болбойт. Пайдасыздар үчүн бекерге убакыт коротуп жатабыз. Урматтуу жаштар, келгиле, бири-бирибизди угалы. Биздин улуулардан, мурдагы саясатчылардан эмне айырмабыз бар? Өлкөнүн тагдыры таразада турат, мыйзамсыз абалда турганда кызыкчылыктарды тыялы. Биздин өлкөбүз бир, улутубуз бир, максатыбыз да бир болсун! Кыргызстан мага керек, сага керек досум!".

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости