www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Баткен жана Лейлек райондорунун айылдарындагы 28-29-апрелде кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалдан жабыркаган социалдык объектилерди куруу жана капиталдын оңдоодон өткөрүү иштери бекитилген календардык графикке ылайык жүрүүдө. Бул тууралуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин (Мамкурулуш) директорунун орун басары Бердимурат Жалилов билдирди.
Анын айтымында, учурда 8 социалдык объектини (5 мектеп, 2 бала бакча жана 1 ФАП) куруу жана капиталдык оңдоо иштри жүрүдө.
«8 объектинин ичинен бешөөсү капиталдык курулуш объектиси, үчөөсү капиталдык оңдоого жатат. Бул иштерге республикалык бюджеттен 250 млн сом каралган, учурда 150,5 млн сом каржыланды», - деди ал.
Бүгүнкү күнгө карата куруу-калыбына келтируу жумуштары боюнча төмөнкү иштер аткарылды:
- Ак-Сай айылындагы Ходжаев атындагы мектептин капиталдык ондоп-түзөө жумуштары аягына чыкты, тегериндеги тосмонун дубалдары бүткөрүлүүдө;
- Ак-Сай айылындагы ФАПтын капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары бүткөрүлдү, объектти пайдаланууга тапшыруу боюнча аракеттер көрүлүп жатат;
- Кызыл-Бел айылындагы 225 окуучуга ылайыкталган мектептин окуу корпусунун дубалдары тургузулуп бүткөрүлүүдө, терезелери коюлуп жатат, шыбак жумуштары башталды, спорттук залдын пайдубалы орнотулуп, дубалдары тургузулууда;
- Максат айылындагы мектептин негизги капиталдык оңдоп-түзөө жумуштары боюнча бардык жумуштар аягына чыкты, мектептин тегерегинин көрктөндүрүү иштери жүргүзүлүүдө;
- Борбордук айылындагы 225 окуучу орундуу мектептин курулушу боюнча окуу корпусунун, спорттук залдын жана сүрөт галереясынын дубалдары тургузулуп, спортгук залдын темир фермалары жасалып жатат;
6. Маргун айылындагы 225 окуучу орундуу мектептин курулушу боюнча — окуу корпусунун 2- кабатынын дубалы тургузулуп баштады. Откананын дубалдары тургузулууда;
- Кулунду айылындаты 140 орундуу бала бакчанын дубалдары тургузулуп бүттү, электрмонтаждоо жумуштары, 1-кабатынын полдорун цементтөө жумуштары бүткөрүлүүдө. Имараттын ичине тепкичтери (лестничный марш) орнотулуп жатат;
- Интернационал айылындагы 100 орундуу бала бакчанын 1-кабатынын дубалдары тургузулуп, темир-бетон жабуу плиталары орнотулуп башталды. Балдар үчүн бастырма курууга пайдубал тургузулду.
«Белгилей кетсек, курулуш иштерин өз убагында аткаруу керектигин эске алуу менен объекттерде сапаттуу көзөмөл жүргүзүлүп, куруу-калыбына келтирүү жумуштары 2 нөөмөт боюнча аткарылып жатат, объекттерди белгиленген мөөнөттө бүткөрүү үчүн субподряддык уюмдар тартылууда», - деди директордун орун басары.
Булак: NazarNews.kg