www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санариптештирүүнү өнүктүрүү багытында иш алып барган беш мамлекеттик ишкананын жетекчилери кызматтан алынды. Бул тууралуу «Кабар» агенттигине Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка караганда, «Түндүк» мамлекеттик ишканасынын директору — Нурия Кутнаева, «Инфо-Система» мамлекеттик ишканасыныни директору — Руслан Токочев, «Соцсервис» ишканасынын жетекчиси — Аман Абдылдаев, «Укуктун» башчысы Улукбек Юсупов кызматтан бошотулду.
Андан тышкары, «Транском» мамлекеттик ишканасынын жетекчиси Азамат Дыйканбаев Санариптештирүүнү өнүктүрүү боюнча мамлекеттик кызматтын төрагасынын орун басары болуп дайындалды.
Азырынча беш жетекчинин кызматтан алынуусунун себеби ачыкталган жок.
Булак: NazarNews.kg