www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аз күн мурда Райымбек Матраимов камактан бошоп чыкты. Көрсө, тек гана кармаган турбайбы? УКМК Матраимовдун чет өлкөлөрдө мүлктөрү жок экенин билдирип, козголгон кылмыш ишин кыскартты. Камчыбек Ташиев коомдук пикирге таянып, журналисттердин чурулдаганына карап эле камакка алганын айтты, кызык. Кыргыз элинин ыркын кетирүүгө, ар дайым мамлекеттик деңгээлдеги чыр-чатакты тымызын баштоого АКШ элчиси Дональд Лу кызыкдар беле?
Кылдан кыйкым издөө менен билдирүүлөрдү жасап келет. Алмазбек Атамбаевден кийин Райымбек Матраимовду каралаган адам ушул болууда. Элчиликтин, департаменттин мүмкүнчүлүктөрү эбегейсиз экен, булардын алдында грантмиллиондорго иштеген бейөкмөтчүлөр, журналисттер жана активисттердин армиясы буйрук берген жакка жабыла чуркап атышпайбы?
Элирмелерди тим койсоң, башыңа чай кайнатчудай. «Жаманды коногу бийлейт» деп кыргыздар бекер айтышпаптыр. Соңку убакта Дональд Лу Кыргыз бийлигине кадимкидей акыл айтып, башкаруу ыкмасына өтүп алгандай го? Мындай шартта улутчулдар, мамлекеттин келечегин ойлогондор бир муштумга түйүлүп, тышкы күчтөрдүн таасирин сындырууга киришүү абзел.
Бул күрөш оңой эмес, Америка ачык эле «шпиондорун» пайдаланып, кайсы жерден чыр-чатактын изи чыкса, аны ырбатууга киришип жатпайбы! Дал ушул жагын терең талдоого алып, элибизге адашпагандай жолду тартуу этсек...
Эске салсак, башта Райымбек Матраимовду «ойдон токулган» кылмыш ишине байлап, 2 миллиард сом мамлекетке төктүргөнүн кандайча түшүнөбүз? Спектакль ойношпой эле жардам катары сурашпайт беле? Коркутуп-үркүтүү, алдоо, же «рекетчилик» кылуу XXI кылымда жарашпаган жорук го? Түйүнү чечиле элек суроолор ачыкталабы? Убакыттын өтүшү менен бардык сырларга карк болчудайбыз...
Булак: Азия News гезити