www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беш жылда жергиликтүү кеңешке шайлоочулардын саны 600 миңден ашуун адамга көбөйдү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады.

11-апрелде 448 жергиликтүү кеңешке шайлоо өтөт. Мунун ичинен 28и шаардык, 420сы айылдык кеңештер. Жалпысынан жергиликтүү кеңештерге 8326 депутат шайланат. Алардын ичинен аялдар үчүн 2858 квота берилген.

448 жергиликтүү кеңешке шайлоого 3 304 485 адам добуш берет. Бул 2016-жылкы шайлоодогу добуш берүүчүлөрдүн санына караганда дээрлик 600 миң шайлоочуга көп. Жергиликтүү кеңештердин депутаттарын шайлоо 2274 шайлоо участогунда жүрөт. 2016-жылы 2152 шайлоо тилкеси болгон.

11-апрелде Бишкек, Ош шаардык кеңештерине да шайлоо болот. БШКнын маалыматына караганда, Бишкек шаардык кеңешине шайлоого катышуу ниетин билдирип, 22 партия кайрылган.

Жергиликтүү кеңештерге шайлоого катышууну көздөгөн партиялардын арыз берүү мөөнөтү 1-мартта аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости