www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн 200дөн ашык адам Ысык-Көлдүн жээгин тазалайт

Бүгүн Ысык-Көл облусунда масштабдуу "Таза Ысык-Көл" экологиялык акциясы өтөт. Бул тууралуу иш-чаранын демилгечиси, Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги маалымдады.

Билдирүүгө ылайык, ага мамлекеттик органдардын кызматкерлери, экоактивисттер, эл аралык уюмдардын өкүлдөрү жана бизнес-коомчулук катышат.

"Ысык-Көлдүн жээгин тазалоо боюнча иш-чарага 200дөн ашык адам келет", — дешти мекемеден.

Акция 5-июнь – Айлана-чөйрөнү коргоо күнүнүн 50 жылдыгына арналат.

"Бул жылы Айлана-чөйрөнү коргоо күнү желим таштандыдан арылууга багытталган. Акция президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында жайкы туристтик сезон башталар алдында өткөрүлүп жатат", — деп айтылат билдирүүдө.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости