www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн катуу кар бороону болоору эскертилди

Бүгүн, 10-февралда Япониянын метеорологиялык агенттиги Токио аймагында катуу кар бороонунун коркунучу бар экенин эскертти. Жаан-чачын күнү бою жаашы күтүлөт жана өлкөнүн башкы Хонсю аралынын түштүк жээгинин кеңири аймактарына да жаайт. Бул тууралуу ведомствонун маалыматына таянуу менен ТАСС билдирди.

Мындай эскертүү өткөн жылдын январь айынан бери биринчи жолу берилип жатат. Маалыматка ылайык, Токиодо күндүз 10 сантиметрден ашык кар жаап, жол кыймылында олуттуу кыйынчылыктарды жаратышы мүмкүн.

Токиодо калың жааган кардан улам экспресс жолдору жабылды. Борбордон Хонсю аралынын түндүк-чыгышына карай ылдам жүрүүчү темир жол линиясынын айрым участоктору да токтотулду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости