www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн Сабырбек Жумабеков президент менен жолугат

Бүгүн, 11-февралда медицина илимдеринин доктору, профессор Сабырбек Жумабеков президент Садыр Жапаров менен жолугушат. Бул тууралуу АКИпресс агенттиги кабарлады.

Маалыматка ылайык, бүгүн президент менен болгон жолугушуудан кийин Жумабеков кызматтан кетип кетпей турганы белгилүү болот.

Эске салсак, буга чейин Саламаттыкты сактоо министрлиги Бишкек травматология жана ортопедия илим-изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлөрүн кабарлаган. Жетекчиси Сабырбек Жумабеков да иштен алынганын айткан. Жаңы ооруканага директор кылып Гулия Кожакматованы жана башкы дарыгерликке Дамир Дүйшөновду дайындаган.

Маалымат жыйындан кийин министрдин орун басары Жалалидин Рахматуллаев жаңы жетекчи менен тааныштыруу үчүн ооруканага барган. Бирок кызматкерлери эшикти тосуп алышкан. Сабырбек Жумабеков министр өзү билемдик кылып жатканын айтып, ал президент Садыр Жапаров бул жагдайды териштирбесе жаңы жетекчини киргизбей турганын билдирген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости