www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мадумаровго кайсы берене менен кылмыш иши козголду?

Жогорку Кеңештин депутаты Адахан Мадумаров журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, ага «Мамлекеттик чыккынчылык» беренЕси менен кылмыш иши козголгонун айтты.

Кечээ, 9-февралда Башкы прокуратура парламенттен Мадумаровду кол тийбестиктен ажыратууну суранганы белгилүү болгон.

«Ал жигит (башкы прокурор Курманкул Зулушев) бул иш боюнча жооп бере турган күн келет. Кеп протокол жөнүндө эмес, кеп Мадумаров жөнүндө болуп жатат. Себеби андай протоколдор жүздөп саналат. Жумушчу топтун жумушчу протоколун ушундай деңгээлге чыгарганы, сабатсыздыктын туу чокусу.

2011-жылы Жогорку Кеңештин Исмаил Исакович жетектеген комитети протоколду карап, баарын жокко чыгаргандан кийин, өкмөт протоколду артка чакыртып алган. Сөздүн кыскасын айтайынчы, бул саясий куугунтук», - деди Мадумаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости