www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2023-жылдагы ажылык сапарына каттоо бүгүн, 24-январда башталды. Бул тууралуу Кыргызстандын муфтийинин орун басары Абибилла Кадырбердиев билдирди.
Анын айтымында, каттоо 14-февралга чейин жүргүзүлөт.
"Каттоо убактысы белгиленген аралыкта 2019-2022-жылдардан тарта электрондук кезекте турган ажылык сапарына баруучу талапкерлер 1 миң АКШ долларын "РСК Банкынын" иш убактысы бүткөнгө чейин төлөп, квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш кагаздарды муфтияттын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарга жана райондук хатибияттарга тапшыруусу керек", - дейт ал.
Кадырбердиев билдиргендей, жаңыдан ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо ID-карт паспортунун негизинде 20-февралдан 6-мартка чейин жүргүзүлөт.
"Талапкерлер 1000 АКШ долларын жана кайтарымсыз 1000 сом төлөбөй туруп каттала алышпайт. Эгер катталуучулардын саны 7 миңге жетсе каттоо жабылат. Талапкерлерди каттоо Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын түзүмүндөгү облустук, шаардык казыяттарда жана райондук хатибияттарда жүргүзүлөт", - деди ал.
Муфтийдин орун басары 2019-2022-жылы каттоодон өтүп, бирок бара албай калгандар кайрадан каттоодогу 1000 сомдук каражатты төлөбөй турганын белгилеп өттү.
Муфтияттан 2019-2022-жылдардан бери кезекте турган талапкерлер төлөө мөөнөтүнүн ичинде 1 миң АКШ долларын төлөй албай калса ажылыктын электрондук тизмесинен чыгарыла тургандыгын эскертишти.
Эскерте кетсек, Сауд Аравия 2023-жылдагы ажылыкка Кыргызстан үчүн 6 миң квота бөлдү. Ал эми 2019-жылдан бери ажылыктын электрондук базасында 4 313 жаран кезекте турат.
Булак:NazarNews.kg