www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чүй облусунун Токмок шаардык соту чагымчыл билдирүү жасаган Тимурга (аты өзгөртүлдү, Т.у.Т.) өкүм чыгарды. Тактап айтканда, 2022-жылы 18-октябрда Тимур Инстаграмдын Сторисине билдирүү калтырган. Ал «Мен кыргызмын, мен нацистмин, мен үчүн башка улуттар жок!» деп айткан.

Мамлекеттик айыптоочу Тимур мындай билдирүүсү менен катталуучуларын улуттар аралык кастыкка чакырган деп билдирди. Ал эми Тимур күнөөсүн мойнуна алып, бирөөнү капа кылууга аракеттенбегенин, анын билдирүүсү патриоттук сезимдерге байланыштуу экенин, себеби, ал кыргыз болгонуна сыймыктанарын айтты. Ошону менен бирге, кылыгы үчүн кечирим сурады. Жыйынтыгында шаардык сот Тимурду Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин 1- бөлүгү боюнча күнөөлүү деп таап, мамлекеттин пайдасына 100 миң сом төлөөгө милдеттендирди.

Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренеси. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу 1-бөлүк. Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутууга, улуттук ар-намысты кемсинтүүгө багытталган аракеттер, ошого тете жарандардын дини, улуту же расалык таандыктыгы боюнча бөтөнчөлүгүн, артыкчылыгын же кемчиликтерин пропагандалоо, ачык же жалпыга маалымдоо каражаттарын пайдалануу, ошондой эле интернеттин жардамы менен жасалса, 1000ден 2000 эсептик көрсөткүчкө чейин айып пул салууга же беш жылга чейин эркиндигинен ажыратууга жазаланат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости