www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 1-майдан тарта калк үчүн электр энергиянын баасы 23 тыйынга жогорулап, 1 сомду түзөт. Тиешелүү токтомго Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 14-апрелде кол койгон.
Документке ылайык, электр энергиясын 700 кВт саттан жогору пайдаланган учурда тариф мурдагы деңгээлде сакталат – 2,16 сом/кВт.с.
Муктаж болгон үй-бүлөлөр жана жарандар үчүн тариф мурдагы деңгээлде сакталып, 1 кВт.с үчүн 50 тыйынды түзөт.
Электр энергиясын лимитсиз жана кубаттуулукту чектөөсүз пайдаланууну каалагандар үчүн тариф 5,04 сом/кВт.с ордуна 3,28 сом/кВт.с чейин төмөндөтүлдү.
«Тарифтерди жогорулатууга байланыштуу көрүлүп жаткан чаралар өлкөнүн энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга жана керектөөнүн көлөмү динамикалуу өсүп жаткан шарттарда калкты электр энергиясы менен үзгүлтүксүз жабдуу үчүн зарыл болуп жатат», — деп айтылат маалыматта.
Өкмөттүн маалыматында, тарифтик саясатка киргизилип жаткан өзгөрүүлөр энергетикалык жабдууларды жаңылоого мүмкүндүк берет, алардын 80%дан көбү эскирген абалда экени маалымдалган.
Булак: NazarNews.kg