www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламенттин төрагасы Талант Мамытов Жалал-Абад облусунан, премьер-министр Улукбек Марипов менен Жогорку соттун төрайымы Нургүл Бакирова Оштон, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев Жалал-Абаддан, башкы прокурор Курманкул Зулушев да Ош облусунан. Эң орчундуу, таасирдүү кызматтар!

Мындай бир тараптуулук мурдагы режимдерде болгон эмес! Ошондо аткаруу, мыйзам чыгаруу, сот, негизги күч органдарын тескегендер кимдер экенине баам салдыңар. Эмне үчүн биз муну көзгө сайып атабыз?

Себеби, кандай башкаруу болбосун, чечүүчү жогорку бийлик бутактарында кадрлардын аймактык тең салмактуулугу каралышы керек. Тилекке каршы, дал ушул жагынан калыстыктан тайып, түндүк-түштүк балансы бузулганына күбөбүз. Бийликтеги катачылыктар тезинен оңдолушу шарт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости