www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев Баткенге качан барары белгисиз. Бул тууралуу айрым маалымат каражаттары УКМКнын басма-сөз кызматы менен байланышканда айтышкан.
"Азыркы учурда маалыматтар чогулуп жатат. Иштер жүрүп жатат. Эгерде бара турган болсо маалымат беребиз", - деп билдиришкен мекемеден.
Кечээ, 28-апрелде Кыргыз-Тажик чек арасындагы абал кайрадан курчуду. Чек ара кызматынын маалыматына ылайык, алгач тажик жарандары эки өлкөнүн кесилишкен жеринен шагыл жүктөөгө аракет кылышса, кийинчерээк Головной суу алуучу жайына тажик чек арачылары көзөмөл камераларын орнотушкан. Буга нааразы болгон кыргыз тарап камераларды алып салууну талап кылып, ортодо эки тараптан 100-150 тургун чогулуп, чыр чыккан.
Булак: NazarNews.kg