www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Аймактарды айтпай эле коёлу, баш калаабызда башталгыч класстардан бери жоолук салынган кыздар көбөйсө, мектеп директорлору динчил ата-энелерден жалтактап, тыя албай келишет. Эми орозо кармаган тестиер окуучулардын арбыганы өкүндүрүүдө. Эмнеге көзөмөл кылышпайт?
Балдарды ушунча кыйнайбызбы? Таң каласың. Мектептерде эки кылым мурдагы көрүнүш - медреселердин элесин берип жатса да, «кой» деген кожо жок. Албетте, бул маселе олуттуу көйгөйгө айланып баратат. Билим берүү министри Алмаз Бейшеналиевди «Азия Ньюс» гезити сындап койсо, чын тийбестене чычалап, Facebookтагы фейктерине жана жалданма «жазмакерлерине» кайра өзүн актатып, пиар менен алектенип жатып калмайды өнөр көрүүдө.
Минтип мектептерге диний идеологияны жайылтып отурса, аягы кыйроого барарыбыз шексиз. Кыскасы, гүленчи Бейшеналиев агартуу тармагын таза талкалап бүтмөйүнчө кетпейби? Иштей албаса эмнеге байланып отурат?
Булак: Азия News гезити