www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Мирлан Жээнчороев Жогорку Кеңештин тармактык комитетинде Башкы прокурор Курманкул Зулушевдин отчету угулуп жатканда, 2019-жылы кабыл алынган жаңы Кодекстер тууралуу айтылгандарга жооп берди.

Анын пикиринде, жакында эле ала качуунун курмандыгы болгон Айзаданы издөөдө милициянын ишине мыйзамдар тоскоолдук кылган эмес. Уурдалган кызды убагында табууга милициянын ыйгарым-укугу жетмек.

«Бурулай менен Айзаданын ишинде мыйзам тоскоолдук берген эмес. Колду, бутту бууду, биз таба албай койдук деген бул–актануу. Эгер бийликке сын пикир айтып көрчү, кайда жүргөнүңдү беш мүнөттө табышат. Же болбосо укук коргоо органдарынын жетекчисине сын айтып көрчү, ким менен сүйлөшүп, ким менен баарлашып турганыңды 7 мүнөттө таап чыгышат. Аны биз билебиз. Ошондуктан, ыкчам кызматтарды кабыл алганга мыйзам жол берет. Жабырлануучу тараптын арызы турат, аны өз убагында тергөө судясына берсе ыкчам иштерди кылууга болмок», - дейт депутат Мирлан Жээнчороев.

Эске салсак, 5-апрелде Бишкектин көчөлөрүнүн биринде уурдалган 27 жаштагы Айзада Канатбекова киши колдуу болду. Аны 36 жаштагы жаран ала качып, муунтуп өлтүргөнү жана өзүнө да бычак сайып мерт кеткени аныкталды.

Бишкек милициясы кыздын уурдалганы тууралуу маалымат алгандан эки күн өткөндөн кийин жигиттин унаасын талаада жүргөн койчу тапты. Бул окуя коомчулукта өтө чоң нааразылык жаратып, Ички иштер министринин отставкасын талап кылган эл митингге чыгышууда.

Мындан 3 жыл мурун 19 жаштагы Бурулай өзүн ала качкан бала тарабынан өлтүрүлгөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости