www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргызстанда бийик тоолуу жана алыскы аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн 29,6 миң баласына жаңы ай сайынкы жөлөкпул төлөнүүдө.
Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин коллегиясында маалымдалды.
Белгилей кетсек, аталган жөлөкпул 2026-жылдын январь айынан тартып киргизилген. Анын өлчөмү айына 3 миң сомду түзөт.
Жөлөкпул бийик тоолуу жана алыскы аймактарда, ошондой эле өзгөчө статуска ээ айрым чек арага жакын аймактарда жашаган үй-бүлөлөрдүн үчүнчү жана андан кийинки балдарына төрөлгөндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин берилет.
Жөлөкпулду дайындоодо үй-бүлөнүн материалдык абалы эске алынбайт.
1-июлга карата бул төлөмдү 29,6 миң бала алып жаткан.
Маалыматка ылайык, Кыргызстандын бийик тоолуу аймактарынын тизмесине жалпы 430 айыл жана башка калктуу конуш киргизилген.