www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликте кадрдык жаңылануу башталдыбы?

Кыргызстанда бир күн аралыгында эки министрдин алмашуусу бийликтин кадр саясатына көңүл бурдурду. Алгач Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев кызматтан алынып, анын ордуна Алмаз Имангазиев министрдин милдетин аткаруучу болуп дайындалса, 8-сентябрда Юстиция министри Аяз Баетов да кызматтан бошотулду. Анын ордуна Президенттик администрациядан келген Алмаз Айылчиев дайындалды.

Бул өзгөрүүлөрдү өз-өзүнчө кадрдык чечим катары кароого болот. Бирок эки министрликтеги удаалаш алмашуу күзүндө бийликте кеңири кадрдык жаңылануу жүрүшү мүмкүн деген божомолдорду күчөттү.

Айрыкча Юстиция министрлигине Президенттик администрациядан түз келген жетекчинин дайындалышы көңүл бурууга арзыйт. Бул чечим министрликтин ишин президенттик команданын саясий жана укуктук багыты менен тыгызыраак байланыштыруу аракети катары бааланууда. 

Ал эми Аяз Баетовдун БУУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү болуп дайындалышы күтүлүп жатканы анын кызматтан четтетилишин кадрдык ротация катары түшүндүрүүгө негиз берет.

Эмгек министрлигиндеги өзгөрүүнүн да саясий салмагы бар. Пенсия, жөлөкпул, миграция жана социалдык жардам сыяктуу маселелер миллиондогон жарандардын жашоосуна түз тиешелүү. Президенттик шайлоо жакындаган сайын бул багыттагы мамлекеттик саясаттын натыйжалуулугу бийлик үчүн өзгөчө маанилүү.

Ошондуктан соңку эки дайындоонун артында бир нече максат турушу мүмкүн. Ишмердиги жетишсиз деп бааланган жетекчилерди жаңылоо, президенттик администрацияга жакын жана ишенимдүү кадрларды маанилүү тармактарга коюу, ошондой эле шайлоо алдындагы команданын башкаруу жөндөмүн күчөтүү.

Азырынча бул өзгөрүүлөрдүн кеңири масштабдагы кадрдык реформанын башталышы экенин бийлик расмий билдире элек. Бирок эки министрдин удаалаш алмашуусу саясий чөйрөдө «күзгү кадрдык жүрүш» башталдыбы деген суроону кайрадан күн тартибине чыгарды.

Кыргызстанда президенттик шайлоо жакындап турганын эске алганда, алдыдагы жумаларда кайсы министрлердин, аймак башчыларынын же башка жогорку кызматтагы жетекчилердин тагдыры чечилери, бийликтин шайлоого карата кандай команда менен барарын да көрсөтүшү мүмкүн.

Последние новости