www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Sky Mobile компаниясынын бир нече кызматкерлерине коронавирус диагнозу коюлган. Бул тууралуу 14-июнда, жекшемби күнү белгилүү болду.
Ооругандардын арасында компаниянын башкы директору Евгений Кражан да бар. Учурда бардык кызматкерлер обочолонуп, дарыланып жатышат. Дарыгерлердин айтымында, алар өздөрүн жакшы сезип, ооруну жеңил көтөрүшүүдө.
"Компаниянын жетекчилиги мындай абалга даяр болчу. Тилекке каршы, көрүлүп жаткан чараларга карабастан, вирустан камсыздандыруу мүмкүн эмес. 2020-жылдын март айынан баштап бизде инфекциянын жайылуу коркунучун азайтуу максатында атайын режим бар. Ага ылайык, компаниянын кеңселеринде шашылыш түрдө бир катар кошумча алдын-алуу чаралары көрүлүп, биринчи учур пайда болгондо, Евгений жана калган кызматкерлер изоляцияланды жана компания алар менен байланышта болгон адамдарга текшерүү жүргүздү", - деди Sky Mobile компаниясынын PR директору Марина Ким.
Ошондой эле ал компаниянын ишине эч кандай таасир тийгизбей тургандыгын баса белгилеп, кызматкерлер үйдөн иштей турганын билдирди.
Инфекцияны болтурбоо үчүн компанияда карантиндин мөөнөтү сентябрга чейин күчүндө болот жана толук убакыт режиминде иштейт. Кеңселерде гигиеналык иш-чаралар күчөтүлүп(бет кап режимин сактоо, дезинфекциялоочу каражаттарды колдонуу, өз ара аракеттенүүнү минимизациялоо ж.б.), жайлар үзгүлтүксүз дезинфекцияланат.
“Sky Mobile жарандардан, өзгөчө кырдаал учурунда кандайдыр бир жеңилдиктерге карабастан, эпидемиологиялык кырдаал оор бойдон каларын эстен чыгарбоону суранат. Компания сизди Саламаттыкты сактоо министрлигинин бардык көрсөтмөлөрүн так аткарууну жана инфекциядан сактануу боюнча бардык чараларды көрүүнү, негизинен социалдык байланыштарды, тазалык гигиенасын жана коргоочу бет каптарды кийүүнү сунуштайт”, - деди Марина Ким.
Булак: NazarNews.kg