www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министрлиги УКМКнын билдирүүсүнө үн катты

Билим берүү жана илим министрлиги Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) ЖОЖдорго абитуриенттерди каттоо жана кабыл алууда мыйзам бузуулар аныкталгандыгы тууралуу маалыматына байланыштуу үн катты.

Министрликтен билдиришкендей, 2022-жылдын май айынын башында жогорудагы иш боюнча УКМКдан маалымат келип түшкөн. Анын негизинде Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги ыкчам түрдө текшерүү комиссиясын түзүү демилгесин көтөргөн.

Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча маалымат андан ары иликтөө үчүн УКМКга өткөрүлүп берилген.

"Бул мыйзам бузуулар 2021-2022-окуу жылына жогорку окуу жайларына каттоо жана кабыл алууда болгон. Андыктан бул мыйзам бузуулар быйылкы жылдагы ЖОЖдорго кабыл алууга тиешеси жок экенин, 2022-2023-окуу жылына кабыл алуу баштала электигин белгилей кетүү керек", - деп айтылат билдирүүдө.

Белгилей кетсек, УКМК тарабынан билим берүү системасындагы коррупцияны жоюу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин алкагында абитуриенттерди мамлекеттик гранттык орундарга мыйзамсыз кабыл алуу боюнча Билим берүү жана илим министрлигинин кызмат адамдарынын, ошондой эле мамлекеттик ЖОЖдордун биринин кабыл алуу комиссиясынын мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштери боюнча маалыматтар келип түшкөн.

 

Бул факты боюнча сотко чейинки өндүрүш иши козголуп, анын алкагында президентке караштуу Коррупцияга каршы ишкердик кеңешинин өкүлдөрүнүн катышуусунда ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, анын корутундусуна ылайык Билим берүү министрлигинин кызмат адамдары абитуриенттерди мыйзамсыз кабыл алуу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү максатында, жогорку окуу жайлары жаатындагы өкмөттөр аралык келишимди бузуу менен чет мамлекеттердин жарандары үчүн бөлүнгөн гранттык орундарга 50 абитуриентти кабыл алуу боюнча мыйзамсыз буйрук чыгарган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости