www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктары менен сыйлоо жана ардак наамдарын ыйгаруу жөнүндө» Жарлыкка кол койду.

Ага ылайык, Кыргызстандын социалдык-экономикалык, интеллектуалдык жана маданий потенциалын өнүктүрүүгө кошкон салымы, кесиптик ишиндеги жетишкендиктери жана өлкөнүн Эгемендүүлүк күнүнө байланыштуу бир катар жарандар мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланды.

Билим берүү тармагынан төмөнкү өкүлдөр сыйлыкка ээ болушту:
«Эмгек Баатыры» артыкчылык даражасы:
Исаков Бектур Сыдыкович — Талас районундагы Касымкул Нанаев атындагы Арал орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими.

«Ардак» медалы:
Абыканова Бүбүжамал Камбарбековна — Ак-Талаа районундагы Жоробек Сатылганов атындагы мектептин химия мугалими;
Базаркулова Нурсыйда Манасовна — Базар-Коргон районундагы Жоомарт Бөкөнбаев атындагы жатак-мектептин химия жана биология мугалими;
Кендирбаева Умсунай Идрисовна — билим берүү системасынын ардагери;
Недикова Юлия Григорьевна — Сокулук районундагы Кусеин Карасаев атындагы №1 мектептин орус тили жана адабияты мугалими.

Агартуу министрлиги сыйлык ээлерин жогорку мамлекеттик сыйлыктары менен куттуктады.

Последние новости