www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз элинин унутта калган байыркы музыкалык аспабы «Аркайык» кайрадан жасалып, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарында коомчулукка тааныштырылды. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.

Аспаптын кайра жаралышы бир нече жылдык изилдөөлөрдүн, тарыхый табылгалардын жана усталардын эмгегинин жыйынтыгында ишке ашкан. Адистер анын тарыхын, түзүлүшүн жана үн өзгөчөлүктөрүн изилдеп, тарыхый үлгүнүн негизинде кайра жасашкан.

«Аркайыкты» кайра жаратууга салым кошкон бир катар инсандарга улуттук маданиятты өнүктүрүүгө жана тарыхый мурасты калыбына келтирүүгө кошкон салымы үчүн министрликтин Ыраазычылык каттары тапшырылды.

Алардын арасында Түп районунун Сары-Тологой айылынан аспаптын материалдык калдыктарын жана археологиялык издерин тапкан Орозбек Солтобаев, 35 жылдык тажрыйбасы бар уста Нурадин Абдыразаков, Алтайдан келген Россиянын эл артисти Ногон Шумаров жана аспапты көп жылдар бою изилдеген Бактыгүл Абди Жетиген бар.

Нурадин Абдыразаков тарыхый табылгалардын негизинде «Аркайыкты» өз колу менен кайра жасап чыккан. Анын эмгеги VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагындагы «Мыкты усталар» сынагында жогорку бааланып, баш байгеге татыган.

Министрлик улуттук музыкалык аспаптарды изилдөө, кайра жаратуу жана кеңири жайылтуу боюнча демилгелерди мындан ары да колдой турганын билдирди.

Последние новости