www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Билим берүү министри кечирим сурады

“5-октябрь билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата, бул тармакта эмгектенген 1000ге чукул адиске Ардак грамоталар жана “Билим берүүнүн мыктысы” сыйлыктары ыйгарылган.

Ошол педагогдордун арасында 23 жаштагы мугалим кыздын сыйлык алганы катуу талкууга түштү. Аны менин тууганым деп да чыгышты. Чынында мен ал мугалимди тааныбайт экенмин. Негизи эле бул тармакта 25 жылдан бери иштеп келе жаткан адам катары бир да ирет тууган, досторума сыйлык же башка маселеде жардам берген эмесмин. Бул менин инсандык көз карашыма туура келбейт. Ал эми бул берилген сыйлыктар боюнча атайын комиссия иш алпарат. Алардын ишине министр киришпейт. 23 жаштагы мугалимге мыктылыкты берерде эмгек стажы эсепке алынбай калган, бирок жободо конкреттүү жасаган иштери болсо да ыйгарууга мүмкүн деп жазылып калган. Ал эми ал мугалим “Жылдын мыкты мугалими-2019” наамын жеңип алган.

Ушунун негизинде бул жаш мугалим сыйлыкка ээ болуп отурат. Мен 30-40 жыл иштеп, эч кандай сыйлык албай жүргөн мугалимдердин учурдагы абалын түшүнүп турам жана моралдык жактан туура эмес деп таап, алардан кечирим сурайм. Биз сыйлык берүү боюнча жобону өзгөртүшүбүз керек” деди Исаков. Бул тууралуу "АЗИЯnews" гезити жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости