www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Чүй облусунун Кемин районунда мурунку күйөөсү 27 жаштагы келинди сабап, зордуктап койду. Бирок милиция ишти карабай жатат" деген маалымат NazarNews.kg сайтына чыккан.  

Биз бул окуя боюнча кайрылганыбызда, Чүй ОИИББинин маалымат кызматы, 2019-жылдын 5-октябрында Кемин РИИБине К.А. аттуу 27 жаштагы Токмок шаарынын тургуну арыз жазып, Т.Т. аттуу 28 жаштагы мурунку күйөөсүнө карата чара көрүүнү өтүнгөн. Айтымында, 4-октябрда Т.Т. аны сабап, зордуктаган. Бул факт Кемин РИИБи тарабынан Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине зордуктоо беренеси боюнча катталып, тийиштүү экспертизалар дайындалган. Ал эми милиция бул ишти карабай жатат деген билдирүү боюнча Ички иликтөө кызматы тарабынан кызматтык текшерүү иштери башталды”, -деген жоопту айткан.

Кечээ, 11-октябрда кылмышка шектүүнүн баш коргоо чарасын караган сот, аны камакка алуу чечимин чыгарды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда иликтөө-тергөө иштери жүрүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости