www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Америка Кошмо Штаттары Украинага бир доллар да жибербей ички көйгөйлөргө көңүл бурушу керек. Мындай пикирин Республикалык партиянын мүчөсү Дэн Бишоптун жергиликтүү ЖМКларга берген маегинде билдиргенин РИА Новости жазды.

Шаршембиде президент Джо Байден Украинага аскердик жардамдын эң ири пакети (үч миллиард долларга жакын) бөлүнөрүн жарыялаган. Бул каражат Киевге абадан коргонуу, артиллериялык жана учкучсуз учактарга каршы системаларды, ок-дары, радарларды сатып алууга мүмкүндүк берет.

"Биз Украинага үч миллиард доллар тургай, бир доллар дагы жибербешибиз керек. Буга чейин эле биздин европалык союздашыбыз сарптоого даяр болгондон алда канча көп акча коротконбуз. Ошол эле учурда биз бул каражаттардын бир аз бөлүгүн да кайра чогулта албайбыз. Киевди үзгүлтүксүз каржылоосу Байдендин "баарынан кийин Америка" саясатына эң сонун мисал", — деди саясатчы.

Эске салсак, буга чейин Украинага курал-жарак жеткирилгени үчүн Москва буга чейин НАТО өлкөлөрүнө нота жөнөткөн. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров НАТО өлкөлөрү Украинага курал жеткирем деп "от менен ойноп жатканын" билдирген. Ал эми президенттин маалымат катчысы Дмитрий Песков Украинага курал-жарак жеткиргендер орус-украин сүйлөшүүлөрүн кечеңдетип жатканын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости