www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
The Washington Post гезитинин улук редактору Марк Фишердин айтымында, Кошмо Штаттар жарандык согуштун босогосунда турат. Бул тууралуу ТАСС басылмасы жазды.
Макалада Америка үчүн жакын арада боло турган согушту алдын ала айткан, аны болтурбоо кыйын экени айтылган.
«Ар түрдүү үндөр, анын ичинде Демократиялык жана Республикалык партиялардын саясатчылары, жарандык согуштун окумуштуулары жана эки тараптын экстремисттери бүгүн жарандык согуш сөзсүз же зарыл деген идея менен макул», - деди Фишер.
Анын айтымында, келе жаткан конфликт экстремизмдин күчөшү, ФБРдин агенттерине, сотторго, шайланган чиновниктерге карата коркутуулардын толкуну, ошондой эле «куралы бар радикалдар» машыккан лагерлердин пайда болушунан кабар берет. Редактор белгилегендей, бул америкалыктар катуу кагылышууну күтүүдө деген ойдон кабар берет.
Фишер акыркы жылдарда АКШнын жарандары ок атуучу куралдарды көбүрөөк сатып ала баштаганын белгиледи. Алар бийликке болгон ишенимин жоготуп, коомчулуктун сезимин, үмүтүн жоготушту. Ошол эле учурда редактор «азыркы башаламандыктан жарандык согуш чыгат деп элестетүү кыйын» деп билдирди.
Ошондой эле макалада согуш ыктымалдыгын четке каккан башка аналитиктердин пикири да келтирилген. Буга карабастан алар радикалдар менен экстремисттердин бийлик өкүлдөрүнө кол салууларынын саны өсө берет деп эсептешет.
Булак: NazarNews.kg