www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эгемендүүлүк күнүнө арналган алыскы аралыкка ат чабыштын жеңүүчүлөрү аныкталды.

Күлүктөр Байтик айылынан чыгып тоо аралап Чуңкурчак жайлоосуна чейин 31 чакырым чаап келишти.

Алдын ала жыйынтык:

Биринчи орун — Шейшеналы Дүйшөмбиевдин "Кара Шумкар" күлүгү, Талас облусунун Кара-Буура району.

Экинчи орун — Аманов Кайымдын "Ак таноо" күлүгү, Жалал-Абад облусунун Шамалды-Сай айылы;

Үчүнчү орун — Болот Акировдун "Ак чий" күлүгү, Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району.

Ал эми Султан Маткеримовдун "Дулдул" аттуу күлүгү биринчи болуп келе жаткан, бирок марага 200 метрдей калганда кулап түштү. Мындан улам чабандеси жөө чуркап өттү. Натыйжада ага төртүнчү орун ыйгарылды. Кийинчерээк аталган күлүк катуу чуркаганда күйүгүп, жүрөгү жарылып кеткени белгилүү болду. Мындан улам жылкыны муздап салууга аргасыз болушту.

Жалпы жонунан 89 күлүк жарышка чыкты. Алдыңкы болуп келген тогуз тулпарга байге берилет.

Биринчи орунга Бишкек шаарынан бир бөлмөлүү батир, экинчи орунга 500 миң, үчүнчүгө 300 миң, төртүнчүгө 200 миң, бешинчиге 100 миң сом, калган төрт күлүккө 50 миң сомдон байге берилет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости