www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын белгилүү аалымы, маркум Чубак ажы Жалиловдун бул ааламдан өткөнүнө бүгүн, 11-июлда туура бир жыл толду. Ал былтыр пневмония дартынан улам, 45 жашында мезгилсиз дүйнөдөн кайткан. Аалымдын атасы Тажибай Жалилов Чубак ажы тууралуу эскерди. Бул тууралуу маалыматты жергиликтүү басма сөз каражаттары жазып чыгышты.

Ажынын атасынын айтымында, ал бул бир жыл кандай өткөнүн деле билбей, сезбей калган.

"Бул бир жыл кантип өткөнүн да билбей калдым. Кыйын болот экен. Айла да жок. Кудайдын кылганы экен. Чубак өтсө да анын артында 3 уул, 3 кызы калды. Ошолорду эш тутуп жашап жатам. Ушундай эстеп, сурап турганыңарга рахмат! Артынан ушундай жаштар чалып, сурап турса сүйүнөт экенсиң. Эки уулум, беш кызым бар. Эркек балдардын улуусу Чубак эле. Мен мектепте директор болдум. Чубак мага окуучу болду. Мектепте жакшы окуп, маданият бөлүмүн башкарчу. «Жаш журналист» деген мектептин гезитин чыгарып, редактор болду. Өзгөчөлүгү китепти өтө көп окуган. Базар-Коргонго барсам, сөзсүз китеп ала кайтчумун. Алып келбесем, Чубак капа болуп калат эле. Мектептеги китепкананы окуп бүтүп, райондук китепкана, кошуна айылдагы китепканаларды да баарын окуп чыкты. Эми азыр аны айтсам, силерге калп, мага чын. 6-классты бүтүп, 7-класска көчкөндө китеп таппай калдым. Ошто жашаган досум менен сүйлөшүп, Уркуя Салиева атындагы мектепке киргиздим. Ал жакта Чубак окуй элек китептер көп экен. Салиева кыздар орто мектеби болчу, эжекеси менен сүйлөшүп, «Биз жакта китеп калбады, балам бир жыл окуп турсун» деп көндүрдүм. Ошентип ал жактын китептерин бир жылда окуп келди. Китеп окугандан сырткары чарбалык иштерди да мыкты жасачу. Тоок багып, помидорлорду өстүрүп жүрдү. Кичинекей «япон тоогуна» 17-18 жумуртка бастырса, эми анысы чыкпайтко десем, тоок баарын жөжө ачкан. Ошолорду бирин да өлтүрбөй, жем берип карайт эле. Бир колунда жөжөлөргө жем, бир колунда китеп турчу",-дейт атасы.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости