www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Таиландда коронавируска чалдыккан бейтаптар менен иштеген медайым каза болду. Чулалонгкорн университетинин жана Тайланд Кызыл Крестинин Жаңы Ооруларды Изилдөө боюнча Илимий Медициналык Борборунун башчысы, профессор Тирават Хемахутанын айтымында, ал Sinovac вакцинасы менен эки жолу эмделген, деп маалымдайт РИА Новости.
Белгиленгендей, каза болгон адам ооруну коронавируска чалдыккан бейтаптарды жандандыруу бөлүмүндө иштөө учурунда жуктуруп алган. Көп өтпөй медайымдын өпкөсү өтүшүп кетип, COVID-19 диагнозу коюлган соң беш күндөн кийин көз жумган.
"Биз медициналык кызматкерлер коронавирус инфекциясын бейтаптардан жуктуруп алган учурлар жөнүндө билгенбиз, бирок бул учурга чейин алардын оорусу негизинен жеңил мүнөздө болгон жана алардын бири дагы COVID-19дан каза болгон эмес", - деди Хемахутха.
Булак: NazarNews.kg