www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Жөжөнү күздө саноочу», Бишкектин «жөжөлөрүн» 11-апрелде санай турган болду. «Жөжөлөрдүн» башында абиси Атамбаев кызматтан кеткен соң, ордуна алып келем деп, 2020-жылдын октябрында башмалдак атып, ойлогон оюн аткара албай калган Бабанов турат. Деги Бишкекке ким мэр болушу ыктымал?

Өмүрбек Бабанов

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков Бабановго: «Жөжө, президент болсом көрсөтөм» - деп жүрүп, камаган деле жок, камакка «кандидат» катары кармап, кылмыш иштерин алган эмес. Сооронбай Жээнбековду бийликтен кетирүүдө канча эмгек кошконун ким билет, бирок Атамбаевди кайра бийликке алып келиш үчүн жанталашып, аз жерден башка таш жеп, башы жок кала жаздаган. 2012-жылы премьер-министрден кеткенден баштап мамлекеттеги үчүнчү кызмат Бишкек мэри болсом дегенде акактап жүргөн Бабанов бул ирет дымы чыкпай тынч, чет мамлекетке кетет деген да сөз чыгууда. Бир күндө 30 миллион доллар пайда тапчу Бабанов Бишкек мэринен эмнеге сайгактап качат? Ал учурунда «заправкасы» бар адамдарды кан ыйлатып рейдерлик кылып Айдар Акаев экөө бир күндө миллиондогон акча таба турган. Канча адамдардын пайда алып келе турган «заправкалары» мурдун сүртүп алыш үчүн биртке тыйын берилип, «заправкалары» тартып алынчу. Эми алардын балдары арына келип эски жараны ачышкан жатат. Эгер Бабанов чет мамлекетке «зыйт» койбосо, өзүнүн мүлктөрүн тарттырып жибергендер аны соо койбосу бышык. Жан досу Руслан Казакбаевди бийликке тыкты, Бабановго ошо жетишер.

Балбак Түлөбаев

Балбак Түлөбаев коронавирус убагында Бишкекте аппарат жетекчиси болуп туруп шаардын элин оңдуруп деле жиберген жок. Бишкекке калк үчүн гуманитардык жардамга келген азык-түлүктөр калкка таратылбай эле, дүкөндөрдөн сатылып жаткандарын активисттер видеого тартып алышкан. “Аю” холдингдин президенти Шакинин орун басары болуп жүрүп Бишкек мэриясынын өзүн-өзү билген аппарат жетекчиси болгон Бишкек мэриясынын өзүн-өзү билген аппарат жетекчиси болгон. “Калк айтса калп айтпайт” коронавирус убагында Бишкекке эмне деген гуманитардык жардамдар келбеди. Карапайым элден түзүлгөн көрөрмандар гуманитардык жардамдар элге эмес түз эле дүкөндөргө түшүп жатканын тартып алышып, элге көрсөтүп жатышты. Ушул иштерге жооп бере турган Түлөбаев Балбак “даңк” этип коё берип коюп, Ысык-Көлгө учуп кеткен. Борборубуз Бишкекке карантин учурунда: 106 764 муктаж үй-бүлөгө жардам катары 982,1 тонна ун, 201,8 тонна макарон, 161 246 литр өсүмдүк майы, 228,1 тонна күрүч, 211,9 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 18 478 кг чай, 105 806 кг буурчак, 12 530 кг китлап, 448 кг эт, 33 337 коютулган сүт, 8 126 кг картошка, 372 пачка бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пияз, 485 даана жумуртка, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 2213 кг туз берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 096 326,53 сомду түзгөн.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыктан текшерген термометр, 162 336 беткап, 2 925 респиратор, 1 220 бет жапкыч, 40 058 кол кап, 4 165 литр антисептик, 1 794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 6 654 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет), 100 даана медициналык баш кийим, 9 555 даана бахила, 9 500 даана шпатель келген. Мунун бары элдин колуна түштүбү же Ысык-Көлгө дыргайактап качып келген Балбак Түлөбаевдин капчыгына түштүбү, ким билет?

“Аю” холдингдин президенти Шакинин орун басары болгон Түлөбаев “Кыргызстан” партиясынан президентикке коюлган Дастан Жумабековдун аппарат жетекчиси Самат Ибраевди колдогону үчүн Бишкек мэринен кеткен, эми Бишкек мэри кайрылып келбейт го?

Нариман Түлеев

Айрымдар коомдук транспортту бизнеске бериш керек деп айтышат. Бирок бизнес коомдук транспортту тартып кете албайт, бизнес аны тартып кетиш үчүн жол киренин баасын 20,25 сомго көтөрүп анан бериш керек. Мындай сумманы элибиз көтөрө албайт. Мисалы, Люксембургда коомдук транспорт бекер. Муниципалитет аны өзү тейлейт.

Нариман Түлеев убагында иштеп турганда 200 автобусту сатып келип, андан кийин 356 автобусту дагы бекер алып келип, муниципалитетке дотация кылып бергенде көбү түшүнгөн эмес. Мисалы, сиз эртең менен үйүңүздөн ишке чыкканда таза тротуар менен басып, жапжашыл шаарды аралап таза коомдук автобуска түшүп ишиңизге келип, кайра иштен чыкканда таза жолдо ичи таза коомдук транспорт менен үйүңүзгө келишиңизге мэр милдеттүү болушу керек. Анан шаарда дагы көптөгөн активдер бар, ошолорду бизнеске таратып, иштегиле деп шарт түзүп берип, аларга такыр тийишпес эле.

Дегеле бизнеске тийишкенге мораторий жарыялаш керек. Мисалы, Финляндияда IT тармагында иштегендер биринчи беш жылда салык төлөбөйт. Бизнес инкубаторлорду түзүп, аларды бак тиккендей эле тигип чоңойтуп багышат. Бишкек дагы ушинтип бизнести бакса болот эле. Себеби, мамлекеттин болгон кыймыл-аракети ошолор төккөн салыктын эсебинен болуп жатпайбы. Бишкек мэриясы салык төлөгөн адамдарга сыйынып, аларды бөпөлөшүүбүз зарыл. Бизнесмендерди тепкилебей, ишин жаап түрмөгө тыкпай, баарына колдоо көрсөтсө өнүгүү болот.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости