www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бир нерсе түшүп калабы?»:  Депутат төрайымды тилдеди

Бүгүн, 15-июлда парламентте депутаттар Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого байланыштуу мыйзам долбоорун карап жатышат.

Анын алкагында бул мыйзам долбоорун иштеп чыккан жумушчу топтун төрайымы Нуржан Шайлдабекова депутаттардын суроолоруна жооп берүүдө.

Депутат Таабалды Тиллаев («Республика — Ата Журт»): - Нуржан Кармабековна айтып койсоңуз. Бул мыйзам долбоору Конституциядан кийин жазылдыбы? Жумушчу топтун башчысы ким болду?

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: - Жумушчу топ түзүлгөн. Жумушчу топко мамлекеттик органдар, эксперттер, депутаттар кирген. Жетекчиси мен болдум. Жумушчу топко депутаттарды шайлоо тартиби боюнча сунуштарды киргизүү деп максат коюлган. Ошонун алкагында 2 вариант иштеп чыктык. Ар бир варианттын артыкчылыктары жана кемчиликтери бар деп жазып, сунуш катары өлкө башчысына киргиздик. Жумушчу топ бул вариантты да колдоп жатат. Анткени артыкчылыктары көп, кемчиликтери да бар. Бирок пропорциялык системанын бир нече...

Депутат Таабалды Тиллаев: - Жок, сиз айтсаңыз. Конституцияны кабыл алгандан кийин жаза баштадыңыздарбы? Туурабы?

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: - Жок, биз анализди мурда эле баштаганбыз.

Депутат Таабалды Тиллаев: - Жок, эми кантип баштайсыңар?… Конституция кабыл алына электе?

Конституция кабыл алынгандан кийин жумушчу топ түзүлдү, анан сиз жумушчу топтун башчысы болуп кабыл алдыңыздар. Туурабы?

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова: - Ооба, урматтуу депутаттар. Азыркы шайлоо процессте дагы бир нече маселе чечилиши керек болчу. Ошондуктан бул мыйзам долбоору 2 бөлүктөн турат.

Депутаттарды шайлоо тартиби жана жалпы шайлоо процессин өркүндөтүү максатындагы киргизилген өзгөртүүлөр.

Депутат Таабалды Тиллаев: - Нуржан Кармабековна, сиз 6 жылдан ашык башкы ЦИКтин төрайымы болдуңуз. Сиз мыйзамды уктап жатканда жатка билишиңиз керек эле. Эмне үчүн президентти «подставить» этип, бизге киргизип, мына Конституцияда норма турса... 79-берене 9-пункт. Азыр 65-берене 9-пункутту караңыз. Ал жерде эмне деп турат? Жооп бериңизчи өзүңүз. Эмне дейсиз ошого?

БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова (кагазды окуп): - Эгерде депутат жүйөөлүсүз себептер менен 10 күндөн ашык бир сессияда жок болсо, анын ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотот дегенби?

Депутат Таабалды Тиллаев: - Ооба. А сиздер алып келген мыйзамда эмне деп турат?

Нуржан Шайлдабекова: - Бул маселе мен ойлойм. Регламент менен жана Жогорку Кеңеш…

Таабалды Тиллаев: - Конституцияда так көрүнүп турат — 10 күн деп. Кантип аны мыйзамга жазып келип жатасыз? Жумушчу топтун төрагасы. Еще президентке кол койдуруп…

Нуржан Шайлдабекова: - Жок, сиз…

Таабалды Тиллаев: - Нуржан Кармабековна, давайте… Мен комитетте да коргоп, сиздин баштаган рабочий группанын айынан парламент колдобой жатат. Вы подставили президентти, еще төраганы и бизди подставляете… Мунун баарын көрүп туруп, кантип кабыл алабыз?

Биз каякка баратабыз? Бул мыйзамды кабыл алсак, эртең эмне болот. Это всем ясно. Тополоң болот, революция болот! Мамлекеттик кызыкчылык каралган эмес. Ошондуктан ачык-айкын муну карашыңар керек эле. Билип туруп, элге антип алабыз, билип туруп кабыл алып койгон.. Депутат катары эмне жоопкерчиликти алабыз?

Нуржан Шайлдабековна: - Сиз айтсаңыз. Мөөнөтүнөн мурда мандатты токтотуу себептери тууралуу сиз айтып жаткан маселеге кандай байланышы бар?

Депутат Таабалды Тиллаев: - Мыйзамда 30 күн деп. Мурдагы норманы эле, окубай эле, эптеп эле алып келе бергенсиңер да...

Нуржан Шайлдабекова: - Жок, ал каралган.

Депутат Таабалды Тиллаев: - Ооба, каралган.

Нуржан Шайлдабекова: - Каралган, Аппарат президентадан берилгенде балким түшүп калгандыр. Бирок биз кошумча катары…

Депутат Таабалды Тиллаев: - Бул эмне деген сөз? Түшүп калгандыр деген сөз. Мыйзамда барбы ошондой, түшүп калабы бир нерсе?

Нуржан Шайлдабекова: - Биз сунуштап жаткан долбоорго сунуштар болсо, берсеңиз, Урматбек Обозбекович.

Кечиресиз Урматбек Капырович…

Депутат Таабалды Тиллаев: - Нуржан Кармабековна, бул жакта Урматбек Капырович деген депутат жок, биринчиден (күлүп). Сиз мыйзам эмес, палатаны сыйлабай, депутатты сыйлабай, өзүңүз билемдигиңиздин айынан ушуга алып келдиңиз. Элге биз түшүндүрөбүз, бул туура эмес мыйзам экенин. Мамлекеттик кызыкчылык туура эмес жакка бара жатканын билип жатабыз. Буга чейин депутаттар айтты эле, мен унчукпай жаттым эле. 17-20-жыл, келечектегилер, мына азыркылар да эмне болуп жатат? Азыр да эмнени күтүп жатабыз. Это всем ясно, что будет…

Булак: NazarNews.kg

Последние новости