www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Улуттук көк бөрү оюну эреже менен ойнотулуп баштагандыгынын 25 жылдыгына карата аталган спорттук федерация Кыргызстанда даректүү тасма тарта баштады. Бул тууралуу уюмдун маалымат кызматы билдирди.

Чыгармачыл топ 14-июлда өлкөнүн аймактарынан ишин баштады.

Тасманын негизги максаты - улуттук көк бөрү оюнунун тарыхын сактоо, кыргыз элинин руханий жана маданий салтын жайылтуу жана жандандыруу. Мындан тышкары, жаштардын мекенчилдик сезимин, улуттук каада-салттарды сүйүү жана урматтоо сезимин тарбиялоо жана көк бөрү оюнун дүйнөлүк аренада жайылтуу болуп эсептелет.

"Көк бөрүнүн спорттук мелдештер үчүн тай казан менен ойнотулган заманбап эрежелерине быйыл туура 25 жыл болду. Ал 1996-жылы иштелип чыккан. Буга байланыштуу улуттук федерация тарабынан көк бөрү оюну боюнча даректүү тасма тартуу башталды", - деп айтылат билдирүүдө.

Жакынкы арада федерация тасманы республикалык телеканалдар аркылуу кеңири жайылтууну пландаштырып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости