www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов 15-июлда “Айыл банк” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын төрагасы Улан Букабаевди кабыл алды. Анда айыл чарба тармагына насыя берүү маселелери тууралуу сөз болду.

“Министрлер кабинетинин башчысы чакан жана орто бизнести, анын ичинде тамчылатып сугаруу жана азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу долбоорлорун колдоо, колл-борборлордун ишин күчөтүү жана интернет-банкингди өнүктүрүү зарылдыгын белгиледи”, - деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Анда Марипов айыл чарбага берилген жеңилдетилген насыя натыйжалуу болбой жатканын белгилеп, анын жол-жобосун өзгөртүүнү тапшырган.

“Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө тогуз жылдан бери насыялар берилип келет, бирок агрардык сектордун өнүгүү динамикасы төмөнкү деңгээлде калууда. Кредиттерди берүү механизмдерин кайрадан карап чыгуу зарыл”, -деген Марипов.

Былтыр айыл чарбасына төрт миллиард сомго жакын жеңилдетилген насыя берилген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости