www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиянын Юстиция министрлиги соңку 5 жылда 109 өлкөдөн Фетхуллах Гүлендин террористтик уюмуна тиешеси бар делген 1022 адамды экстрадициялоону суранган. Бул тууралуу «Анадолу» басылмасы жазды.

Тактап айтканда Түркия АКШдан 202 кишини өткөрүп берүүнү, Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдөн 361 адамды өткөрүп берүүнү суранган.

Европа биримдигине мүчө мамлекеттердин ичинен эң көп Германияга (109), Грецияга (89) жана Белгияга (47) кайрылуу жолдошкон.

Анкара Берлинден 2 мурдагы прокурорду, Түркиянын мурдагы аскер кызматкерин – Гүлендин тарапташтарынын кураторун (имам) жана башкаларды өткөрүп берүүнү талап кылууда.

Андан тышкары Анкара бир нече жолу Вашингтондон ФЕТӨнүн башчысы Фетхуллах Гүленди жана анын 7 тарапташын өткөрүп берүүнү талап кылган. Аларга Түркияда 27 кылмыш иши козголгон.

Учурда Фетхуллах Гүлен АКШнын Пенсильвания штатында жашап жатат. Ошондой эле АКШда Гүлендин жакын адамы Жевдет Түркоглу, жеке дарыгери Кудрет Унал, ФЕТӨнүн жалпыга маалымдоо каражаттары менен байланышы боюнча жооптуу адамы Экрем Думанлы жашайт.

Түркиянын Юстиция министрлиги билдиргендей, 2016-жылдагы аскердик төңкөрүш жасоо аракетинен кийин 28 мамлекет Түркияга Гүлендин 121 тарапташын өткөрүп берген.

Ошондой эле Түркиянын Юстиция министрлиги байма-бай Гүлендин тарапташтары жашаган өлкөлөрдөн ФЕТӨнүн мүчөлөрүн убактылуу камакка алууну суранып келет. Жалпысынан 56 өлкөгө ФЕТӨнүн 169 мүчөсүн кармоону суранып кайрылышкан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости