www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бир суткада 69 кишиден коронавирус аныкталды

Өткөн суткада 69 кишиден коронавирус аныкталып, 274 бейтап сакайды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин сайтында жазылган.

Илдет илештиргендер:

Бишкек шаары – 31;

Чүй облусу – 16;

Талас облусу – 3;

Ысык-Көл облусу – 10;

Жалал-Абад облусу – 5;

Баткен облусу – 4.

Ушуну менен өлкөдө вирус жуктургандардын жалпы саны 199 890го жетип, анын ичинен 192 232 адам дартты жеңген. Тилекке каршы, өлүм учурлары дагы эле катталууда. Бир сутка ичинде дарт үч бейтаптын өмүрүн алган. Алардын бардыгы вакцина албагандар экени айтылды.

Бүгүнкү күндө республика боюнча 585 бейтап стационарда, ал эми 2 597 адам амбулатордук шартта дарыланып жатканы белгилүү болду. Ооруканадагылардын ичинен 251 бейтаптын абалы оор болсо, 58 кишинин абалы өтө оор деп бааланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости