www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Франциянын президенти Эммануэль Макрон президент Владимир Путин менен сүйлөшүүгө келгенде Орусияда коронавируска ПЦР тестин тапшыруудан баш тартты, ошондуктан алардын ортосунда аралык сакталды, деп «Reuters» агенттиги Франциянын президентине жакын эки булакка шилтеме берип билдирди. Тактап айтканда, сүйлөшүүлөр учурунда президенттер төрт метрлик үстөлгө отурганы да ушундан улам болгонун мекемеден белгилешти.
Агенттиктин маектештеринин айтымында, Макронго тандоо сунушталган: сыноодон өтүү жана Путин менен кыска аралыкта сүйлөшө алуу же баш тартуу жана коопсуз аралыкты сактоо.
«Биз бул кол алышпоо жана узун үстөл дегенди билдирээрин жакшы түшүндүк. Бирок биз аларга президенттин ДНКсын алууга мүмкүнчүлүк бере алган жокпуз», – деп билдирди булактардын бири Рейтер агенттигине.
Рейтер агенттигинин маектештеринин бири Макрон Орусияга учаар алдында Францияда ПЦР тестинен өткөнүн, ошондой эле, келгенде антиген тестинен өткөнүн белгиледи. Бул тестирлөө анын жеке дарыгери тарабынан жүргүзүлгөн.
Буга чейин Орусия президентинин өкүлү Дмитрий Песков президенттердин ортосундагы аралыкты сактоону коронавируска каршы чаралар менен түшүндүргөн. «Эпидемиологиялык чаралар» деп түшүндүрдү ал «Rise» басылмасына берген комментарийде.
Путин менен Макрондун Москвадагы сүйлөшүүсү 7-февралда болуп, ал беш сааттан ашык убакытка созулду.
Булак: NazarNews.kg