www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Киши өлтүрүүгө шектүү адам кармалганын 1-июлда Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Кечээ, 30-июнда Ысык-Ата РИИБге Сары-Жон айылындагы сарайлардын биринен эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Милиция кызматкерлери 1985-жылы туулган А.М. киши колдуу болгонун аныкташкан.

Бул факт кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 130-беренси (Киши өлтүрүү) боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталды.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам тергөө иш-амалдарынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип, каза болгон жарандын бир тууган эжеси 1982-жылы туулган А.Т. кармалды. Териштирүү учурунда каза болгон жаран 2021-жылдын 29-июнь күнү жаза өтөөчү мекемелердин биринен бошотулуп, жакындары менен түлөө өткөргөн. Эртеси эжеси экөөнүн ортосунда пикир келишпестик жаралып, эжеси аны жип менен муунтуп салганы маалым болду.

Шектүү убактылуу кармоочу жайга камакка алынып, зарыл болгон экспертизалар дайындалды. Сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости