www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штаб өлкөдөгү эпидемиологиялык абалды эске алып, бир катар чектөөлөрдү сунуштады.

Сунуштар:

- Министрлик жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилери кызматкерлеринин 50% аралыктан иштөөгө жөнөтүшү керек. Айрыкча 60 жаштан өткөн, өнөкөт оорулары бар жана кош бойлуу кызматкерлер аралыктан иштөөгө өтүшү зарыл;

- Мамлекеттик мекеме-уюмдарда санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин сакталышына тыкыр көзөмөл жүргүзүү зарыл. Дайыма дезинфекциялоо иштерин жүргүзүү керек;

- Министрлик жана мамлекеттик ведомстволордун жетекчилерине кызматкерлердин жана жарандардын кирүүсүн чектөө. Бардык чогулуштарды онлайн режимге өткөрүү;

- Бардык мамлекеттик кызматкерлер эпидемиологиялык абал жакшырганча маданий-массалык иш-чараларга, коомдук тамактануучу жайларга, кафе-ресторанга, көңүл ачуучу жайларга, базар, соода борборлору, кинотеатр жана музейлерге барбашы керек;

- Бардык мамлекеттик кызматкерлер тез арада коронавируска каршы эмдөөдөн өтүшү зарыл.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости