www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
20-июнда Бишкектеги шаардык перинаталдык борбордо үч эм жарыкка келди, бир уул жана эки кыз. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен маалымдашты.
Биринчи наристе 1 килограмм 400 грамм, ал эми кыздар 1 килограмм 740 грамм жана 1 килограмм 690 грамм салмакта төрөлгөн. Бул 33 жаштагы Чүй облусунун тургунун экинчи кош бойлуулугу. Төрөт мөөнөтүнөн мурда 33-жумада болгон. Төрөлгөндө ымыркайлар 3 күн реанимация жана интенсивдүү терапия (РИТ) шартында болуп, абалы турукташкандан кийин 23-июнда жаңы төрөлгөн ымыркайлардын экинчи этаптагы кам көрүү бөлүмүнө которулган. Учурда апасынын жанында дарыланууну улантышууда.
Булак: NazarNews.kg