www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев Кыргыз Республикасында табигый таза өсүмдүктөрдү өстүрүү үчүн In-vitro лабораториясын куруу үчүн тиешелүү адистердин катышуусунда пилоттук долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрлик билдирет.

Маалыматка ылайык, In-vitro лабораториясынын негизги милдети ар кандай өсүмдүктөрдүн вирустары жана башка оорулары жок көчөттөрдү өстүрүү болуп саналат. Ошондой эле клондоштуруу аркылуу өсүмдүктөрдүн эски сортторун калыбына келтирүүгө жана алардын санын көбөйтүүгө болот. Бул лаборатория ишке киргизилсе жылына 500 миң көчөт өндүрүү мүмкүнчүлүгү түзүлөөрү пландалууда.  

Жолугушуунун жыйынтыгында МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине жана Кыргыз Республикасынын Айыл чарба министрлигинин Органикалык айыл чарба департаментине бир жумалык мөөнөттө аткара турган тиешелүү тапшырмаларды берди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости