www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы коргоо министри, ЖКнын экс-депутаты, Коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы, Убактылуу өкмөттүн мүчөсү Исмаил Исаков: Адахан Мадумаровдун маселеси былтыр май айында каралганда, мени дагы чакырышкан жана мен маселени толук түшүндүрүп бергем. Азыр прокурорлор акты кара деп, депутаттарга туура эмес маалымат берип, Мадумаровду жоопко тартууга уруксат алды. Жер алмашуу боюнча келишимге Бакиев менен Рахмон алгач 2005-жылы кол койгон, кийин, 2008-жылы, эки президент ал келишимге оңдоо киргизген. Премьер Чудинов ал тууралуу 2008-жылдын ноябрында буйрук чыгарган, бирок тажик тарап келишимдерди аткарбагандыктан, 2009-жылдын мартында Мадумаров баягы сүйлөшүлгөн жерлерди Тажикстан берсин деген протоколго кол койгон. Кийин, 2009-жылдын декабрында ал тууралуу келишимге унаа министри Сулайманов кол койгон, ратификацияга ал келишим 2011-жылдын майында Жогорку кеңешке алып келинген, биз аны четке кагып койгонбуз, ал эми 2014-жылы премьер Бабанов ал келишим-протоколдун баарын жокко чыгарып, артка чакыртып алган. Ошондо дагы, эгер Мадумаров чындап эле күнөөлүү болсо, аны жоопко тартуу мөөнөтү – 10 жыл – бая эле өтүп кеткен...

Последние новости