www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандын Жизак облусундагы ресторандардын биринде тамактанган 60ка жакын киши ууланды.

25-26-июнь күндөрү «Тошлок» маалесиндеги ресторанда тамакка ууланган 57 киши облустук инфекциялык ооруканага жеткирилген. Аларга курч диарея жана тамак-ашка уулануу диагноздору коюлган.

Маалыматка караганда, ууланган жарандар ресторанда шишкебек жана козу карын менен майонез кошулган салат жешкен.

Бүгүнкү күнгө карата уулангандардын 11и үйлөрүнө чыгарылды. Калган бейтаптардын абалы канааттандыраарлык деп бааланууда.

Облустук прокуратуранын басма сөз кызматы адамдардын ууланышы боюнча тергөө иши башталганын билдирди.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости